Пенза мамлекеттик университети өзүнүн «акылдуу күнөсканасында» жашылчаларды өстүрөт. Ал аэропондук система менен жабдылган. Келечекте өнүгүү Россиянын тукумсуз аймактарын зарыл болгон жаңы продукция менен камсыз кыла алат.
Студенттик илимий-өндүрүштүк бизнес-инкубатордун базасында бул долбоор экинчи жылдан бери ишке ашып, ийгиликтер бар. Былтыр жигиттер 2 миң еврого грант утуп алып, прототибин жасай башташкан.
“Акылдуу күнөскана” – бул өсүмдүктөрдү өстүрүүчү автоматтык системасы бар түзүлүш. Адамдын аракети жана кам көрүү чыгымдары минималдуу. Бул орнотулган жасалма интеллект аркасында жетишилет. Ошентип, күнөскана өсүмдүктөр үчүн жагымдуу экологиялык шарттарды түзүп, түшүмдүн бышып жетилишин көзөмөлдөйт.
«Биздин орнотуу жарыктандырууну, температураны, нымдуулукту, басымды көзөмөлдөөчү сенсорлор системасынан турат. Ошондой эле сенсорлордун бардык көрсөткүчтөрүн көрсөткөн башкаруу блогу бар. Насостун жардамы менен азыктандыруучу заттар саптамаларга (чапкычтарга) берилип, өсүмдүктөрдүн тамырларына чачылат”, - дейт долбоордун жетекчиси Алина Сашина.
Күнөскана гидропоникалык система менен жабдылган. Гидропоника – топураксыз жасалма чөйрөдө өсүмдүктөрдү өстүрүү ыкмасы. Ошентип, ал күнөсканада - өсүмдүктөр тамырларды курчап турган аш болумдуу эритмеден азыктанышат. Түшүмдү өстүрүү үчүн, субстрат, башкача айтканда, топурак колдонуунун кереги жок, бул тамыр ооруларын жокко чыгарат.
Россияда өстүрүү бул ыкмасы жөнүндө көп уккан эмес. Бирок, бул жацы жашылча менен камсыз кылууну бир кыйла жецилдетмек. Эми жерди иштетип, зыянкечтерден арылуунун кереги жок. Россиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жер тукумсуз. Импорттолгон жашылчалар сапаты менен дал келбей, баасы кээде чөнтөккө түшүп калат. «Акылдуу күнөскана» аймакты керектүү көлөмдөгү жаңы түшүм менен камсыз кылууга жөндөмдүү.
Балдар прототибин иштеп чыгуу менен токтоп калбайт жана жакынкы келечекте массалык өндүрүштү баштоону пландаштырууда.
Булак: https://www.pnzgu.ru