Бизнес, экономика Брест эркин экономикалык аймагынын жаңы тургуну бешинчи муундагы күнөсканаларды курууга ниеттенүүдө, деп билдирди БЕЛТАга «Союз теплица комбинаты» ЖЧКсынын директору Андрей Новик. Инвестор Аэропорттун жанынан 70 гектар жер алган. «Белгиленгендей, бул Беларуста жана КМШда теңдеши жок ири завод болот. «Бешинчи муун мындай күнөсканаларда UltraClima бар экендиги менен айырмаланат. Бул жабык күнөскана деген принцип. Климат контролу өсүмдүктөр үчүн ыңгайлуулуктун температурасын – 21 градустан 23 градуска чейин терип, аны жылына 365 күн сактайт. Ишкана эң акыркы технология менен курулат», - деди Андрей Новик. 20 гектар жерге бадыраң өстүрүлөт, ошол эле аянтты помидор ээлейт. Жылына 31.7 миц тоннадан ашык жашылча ендуруу белгиленген. Аларды Белоруссиянын ички рыногуна жеткирип, экспорттоого ниеттенип жатышат «Азыр долбоордук документтер иштелип жатат. Жылдын аягына чейин мамлекеттик экспертизадан өтүп, январь айында курулушу башталышы мүмкүн деп күтүлүүдө. Аймакта күнөсканалардан тышкары административдик имарат, жылытуу пункту болот, ошондой эле сууну чыгаруу жана тазалоо системасы түзүлөт. Завод эркектер жана аялдар үчүн 400дөн ашык жумушчу орундарын түзүүнү көздөп жатат. Инвестициялык долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Жалпысынан «Брест» ЭЭАсында 70тен ашык резидент иштейт, анын ичинде быйыл үчөө жаңы катталган.