Тажикстандык дыйкан Азамат Абдурахмонов республиканын Кубодиен районунда жашылча өстүрүү менен алектенет. Анын бир гектар аянттагы теплицасында ноябрь айынан май айына чейин бир нече эгинди жыйнап алууга жетишишет. Бул жерден жылына орто эсеп менен 36 тонна помидор, 25 тонна бадыраң алууга болот. Күнөсканада мезгилге жараша 20га чейин жергиликтүү тургундар иштейт.