"Акылдуу" айыл чарба деп аталган айыл чарбанын жардамы менен азык-түлүк өндүрүүнү көбөйтүү жөнүндө укканда, биз жасалма интеллект, роботтор жана "чоң маалыматтар" менен байланышкан нерсени элестетебиз, бирок айыл чарбасын оптималдаштыруу дайыма эле акыркы технологиялардан көз каранды боло бербейт. Айыл жергесиндеги чакан чарбаларда “акылдуу” ыкма көбүнчө жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, өсүмдүк өстүрүүнү көбөйтүүнүн экономикалык жактан жеткиликтүү жана оригиналдуу жолдорун издөөнү камтыйт.
ФАОнун «Акылдуу айыл чарба – келечек муун үчүн» долбоору Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган 3.4 миллион доллар бюджети менен Өзбекстандын жана Вьетнамдын айыл жерлериндеги ондогон үй-бүлөлөргө айыл чарба күнөскана өндүрүшүн көбөйтүүгө жардам берет. пестициддерди, минералдык жер семирткичтерди жана сууну азыраак колдонуп, азыраак эмгек менен жана коопсуз жол менен көбүрөөк тамак-аш өндүрүү.
Негизги идея – климаттык көзөмөл, зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү, сугаруу, өсүмдүктөрдү азыктандыруу жана өстүрүү ыкмаларын өз ара байланышкан беш аспектини эске алуу менен күнөсканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Долбоор салттуу да, заманбап да рационалдуу илимий сунуштарды жана илимий негизделген чечимдерди камтыйт. Алар күнөскана чарбаларын ийгиликтүү ишканаларга айландырууга багытталган, бул алардын ээлеринин кирешесин көбөйтөт, жергиликтүү тургундардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана жыл бою ар түрдүү, арзан жана коопсуз тамак-аш азыктарын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.
«Биз жогорку технологиялуу күнөсканаларды көрдүк, аларда ири суммадагы каражаттар жумшалган, бирок ошол эле учурда алардын өндүрүмдүүлүгү төмөн болгон, анткени алар жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алышкан эмес. Бул оптималдаштырылган күнөсканалар сыяктуу арзан системалар аз каражат менен көбүрөөк түшүм алууга мүмкүндүк берет”, - дейт долбоордун башкы техникалык адиси Мелвин Медина Наварро.
Акылдуу чечимдер
ФАОнун эксперттери биринчи жолу Өзбекстандын үч пилоттук айыл аймактарында кирешеси аз жана туруктуу эмес үй чарбаларын изилдей баштаганда, аларда жашылча-жемиштерди күнөсканада өстүрүүнүн эскирген жана натыйжасыз ыкмалары колдонулуп жатканын аныкташкан.
Мисалы, чаңдаштыруу кол менен жүргүзүлүп, зыяндуу пестициддер көп колдонулган. Күндүзгү температура Цельсий боюнча 42 градуска чейин жеткен эң ысык айларда көлөкө түзүү жана ичиндеги температураны төмөндөтүү үчүн күнөсканалар чопо менен капталган.
«Биринчи кезекте жаңы жабуу материалдарын колдонуу сунушталууда», - дейт ФАО долбооруна катышкан агроном Хайрулла Эсонов.
Күнөсканаларга өтө бышык, ультрафиолет нурлануусун чагылдырган, чаңды азайтуучу жана конденсацияны болтурбоочу атайын кошумчалары бар полиэтилен пленкасы жабылган.
Зыянкечтерге жана илдеттерге каршы атайын жабышчаак капкандар жана чиркей торлору колдонулган. Күнөсканалардын айланасы отоо чөптөрдөн тазаланып, вирус жана бактериялар менен күрөшүү үчүн дезинфекциялык пол жабуулары жана кош эшик системасы орнотулду.
Суу ресурстарын пайдалануу электр суу насосторунан, фильтрлерден, суу резервуарларынан жана тамчылатуучу линиялардан турган тамчылатып сугаруу системаларын колдонуу аркылуу оптималдаштырылган, анын аркасында эрүүчү азыктар өсүмдүктөрдүн тамыр системасына түздөн-түз жетип, натыйжалуураак колдонулат.
Мындан тышкары ар бир бенефициарга суунун сапатын өлчөөчү приборлор берилди. Анализдердин жыйынтыгы боюнча үч пилоттук аянтта тең сугатка пайдаланылган суунун кычкылдуулугу өтө жогору экендиги аныкталган. Азыр жер семирткичтердин көлөмүн жөнгө салуу жана сууга атайын кислоталарды кошуу менен бул көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Жада калса Жаратылыштын өзү да жардам берет: эмгекти талап кылган жана натыйжасыз кол менен чаңдаштыруунун ордуна азыр жердеги аарылар колдонулат.
Жашоону өзгөрткөн натыйжалар
Мындай өзгөртүүлөр ФАО тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жардам менен айкалышып, күнөсканаларды башкарууну жаңы деңгээлге көтөрдү, бул кээ бир учурларда таасирдүү натыйжаларды берди. Долбоордун алгачкы максаты жашылча өндүрүүнү кеминде 20 пайызга көбөйтүү болчу. Бирок, биринчи айыл чарба циклинде помидордун жана таттуу калемпирдин түшүмдүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 90 жана 140 пайызды түзгөн.
Долбоорго катышкан фермерлердин бири Нигора Пулатова көчөттөрдү башка дыйкандарга караганда жарымына аз колдонгонуна карабай, ошол эле түшүм алганына таң калды. Мындан тышкары, жашылчалардын сапаты өлчөмү, формасы, өңү жана пестициддердин калдыктарынын жоктугу боюнча бир топ жакшырды, бул дыйкандарга өндүргөн продукциясын бир топ кымбат сатууга мүмкүндүк берди.
ФАО долбооруна катышкан дагы бир фермер Өзбекстандын Анжиян облусунан келген беш баланын энеси Матлуба Алимбекова болду. Матлуба помидор, бадыраң, таттуу калемпир, сарымсак жана чөптөрдү өстүрөт, бирок мурда зыянкечтерден жана илдеттерден улам түшүмдүн дээрлик жарымын жоготуп алчу. Быйыл ал жергиликтүү шартка ылайыктуу жаңы таттуу калемпирдин “анетта” сортун эгип, эки тоннадан ашык түшүм алып, 1,100 долларга жакын киреше тапкан. Учурда ал жума сайын 90 килограммдан ашык калемпир терип, кыш мезгилинде көбүрөөк киреше алуу үчүн ноябрь айында чамгыр эгүүнү пландоодо.
«Долбоор үй-бүлөбүзгө чоң жардам берди, кирешебиз көбөйдү», - дейт Матлюба.
Буга чейин Матлюба Алимбекованын тапкан кирешесинин жарымы өндүрүштүк чыгымдарды жабууга жумшалса, “акылдуу” айыл чарба тармагындагы долбоордун аркасында азыр алар 20 пайызга да жетпейт.
Андан ары долбоор рынокту баалоону, азык-түлүк коопсуздугу жаатында лабораторияларды модернизациялоону жана жаңы жашылчаларды экспорттоонун көлөмүн жана рентабелдүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү адистерди окутууну ишке ашырат жана экономикалык жактан жеткиликтүү жана кайталануучу ыкмаларды колдонуу менен айыл аймактарын трансформациялоону улантат. .
Булак: https://news.un.org