Автоматташтыруунун жогорку децгээлине карабастан, тармак учун кадрлардын жетишсиздиги проблемасы али актуалдуу бойдон калууда. Корголгон кыртышта жашылча өстүрүүдө кол эмгегинин көп бөлүгү сакталууда. Кадрлардын квалификациясы, сабаттуулугу жана кунт коюулугу келечектеги тушумдун сапатына тузден-туз таасирин тийгизет. Өлкөдө керектүү тажрыйбага жана билим деңгээлине ээ адистер жетишсиз. Ошондуктан күнөскана бизнеси менен алектенген компаниялар көбүнчө кадрларды өз алдынча даярдашат: алар тандап, окутуп, квалификациясын жогорулатат.