Магадан облусунда курулган ири күнөскана комплексинин инвесторлоруна аны курууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгү кайтарылып берилет. Бул максаттарга орус өкмөтү 85 миллион рублден ашык каражат бөлөт.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Михаил Мишустин кол койду. Аянты 1.5 га болгон Талая селосундагы агроенер жай комплекси Ыраакы Чыгыштагы жыл бою иштей турган заманбап теплица комплекстеринин бири болуп саналат. Ал 2021-жылы курулган.
Аны тузууге кеткен чыгымдардын ордун толтуруу женунде кеп болуп жатат. Алты метрлик күнөсканаларда заманбап кондиционер, вентиляция жана сугаруу үчүн жасалма туман системасы орнотулган. Жылытуу геотермалдык булак менен камсыз кылынат.
Ыраакы Чыгышта күнөсканаларды куруу жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизми аларды түзүүгө жумшалган каражаттардын 20%га чейинкисин кайтарууну карайт.
Булак: https://www.eastrussia.ru