Эксперттер россиялык күнөскана бизнесиндеги кээ бир көйгөйлөр үстүбүздөгү жылы курчушу мүмкүн деп болжолдошууда. Периферияда пайда болгон жацы комплекстер учун жабдууларды Россиянын борбордук райондорунан мицдеген километр алыстыкта ташып келуу керек болот. Бул анын баасынын күчтүү өсүшүнө алып келет. Мындан тышкары, сатып алынган жабдуулардын олуттуу бөлүгү импорт бойдон калууда. Ата мекендик аналогдор натыйжалуулугу боюнча чет өлкөлүктөр менен азырынча салыштырууга болбойт. Үрөн сатып алуу дыйкандардын чөнтөгүнө да тийет. Россиянын күнөсканаларында помидордун 85%, бадыраңдын 75% сырттан алынат. Рублдин дүйнөлүк валюталарга карата учурдагы курсу тармакка керектүү товарлардын баасын турукташтырууга эч кандай үмүт калтырбайт.