Крымда алма жергиликтүү илимпоздор тарабынан иштелип чыккан атайын технология менен өстүрүлөт. Анын аркасында андан да көп түшүм алууга болот. Екатеринбургда скандинавиялык үлгүдөгү эмерек өндүрүшү ишке кирди, ал батыш компанияларынын орус рыногунан чыгып кеткенине байланыштуу суроо-талап жогору. Ал эми Ульяновск областында кондитердик фабрика ачылды, ал жакында езунун тортторун, печеньелерин жана кондитердик азыктарды берет.
Бул күнөсканаларда жыл бою бадыраң, помидор өстүрүлөт. Үрөндөн тартып техникага чейин – баары ата мекендик өндүрүш. Импорттук көз карандылык жок. Өндүрүүчү Севастопольдо жашылчаларды негизги жеткирүүчү болуп саналат. Бадыраң менен помидорго суроо-талап өсүүдө. Учурдагы үч гектардан күнөсканалардын аянтын дээрлик эки эсеге көбөйтүү пландалууда.
«Бизде химиялык тазалоо жана башка нерселер жок. Биз жаратылышта бар энтомофагдарды колдонобуз жана алардын санынын жардамы менен бардыгын жөнгө салабыз», — деп түшүндүрөт күнөскана комплексинин директору Леонид Вен.
Жарым аралдын түндүгүндө инновациялык алма бактын алгачкы көчөттөрү жашылдай баштады. "Крым пирамидасы" технологиясы - жергиликтүү илимпоздордун иштеп чыгуусу. Өстүрүүнүн өзгөчө ыкмасынын аркасында көбүрөөк түшүм алууга болот. Быйыл талааларга 100 гектар алма көчөттөрү отургузулду. Күзүндө ар биринен 15 тоннадан түшүм алууну көздөшүүдө. Ал эми келерки жылы бул жерге алмурут отургузулат.
«Алмурут багын отургузууда өзүбүздүн жергиликтүү сортторго басым жасайбыз. Бул "Крымдын дымагы" болот. Ооруга абдан чыдамдуу сорттор», - дейт дыйкан чарбасынын директору Люман Жемилев.
Екатеринбургда жергиликтүү фабрика скандинавиялык үлгүдөгү эмеректерди чыгарууну баштады. IKEA орус рыногунда ишин токтоткондон кийин, Урал текчелерине суроо-талап кыйла өстү. Фабрикада кун сайын 1,500ден ашык продукция чыгарылат. Санкциялар, өндүрүүчүнүн жетекчилиги ишендирди, аларга таасир эткен жок. Дээрлик бардык материалдар жана компоненттер орусиялык. Эмерек бурамаларына дагы эле Азияда буйрутма берилет. Пластик аксессуарлар эң ири Урал университетинин базасында чыгарылат. Азыр фабрикада жацы моделдерди иштеп чыгуу, текчелердин жана телевизордук шкафтардын эскиздерин тузуунун устунде иштеп жатат.
Ульяновск районунан келген ишкер өзүнүн хоббисин кирешелүү бизнеске айландырган. Елена Мухаметзянова кондитердик азыктарга беш жыл мурун досу биринчи буйрутма бергенде кызыгып баштаган. Андан кийин сатып алуучулар көбөйдү. Ал эми үй ашканасында өндүрүш туура болбой калды. 250 миң рублга социалдык келишимдин аркасында Елена жабдууларды сатып алган. Ал эми азыр торт, токоч, печенье, таттуу жана кондитердик азыктарды чыгарат. Кафе жана ресторандар менен кызматташууну баштоо пландалууда. Жана штатты кобойтуу.
Санкцияларга туш болгон бизнести колдоо үчүн өкмөт анкета түрүндө иштеген колдоо чараларынын навигаторун ишке киргизди. Бизнес өкүлдөрү үчүн ар кандай тармактардагы жеңилдетилген кредиттер жана гранттар боюнча маалымат бар. Ошондой эле, ишкерлер өлкөдө бизнести текшерүүгө мораторий киргизилгени жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн кийинкиге жылдырылышы тууралуу биле алышат.