Россиянын ар кайсы аймактарында заманбап күнөскана комплекстерин куруу уланууда. «Эко-культура» агрохолдингинин пландарында мындай объектилерди Омск жана Воронеж областтарында куруу каралган. Алардын аянты 60 жана 45 гектарды түзөт. Комплекстердин бири помидор, экинчиси бадыраң өндүрүүгө адистешкен. Бул долбоорлорго инвестициянын жалпы көлөмү 45 миллиард рублге жетет. Мындан тышкары, «Эко-Культура» Башкыр Республикасына аянты 20 гектар болгон күнөскана комплексин курганы жатат. Анын кубаттуулугу жылына 13 миң тонна помидор, ал эми долбоордун бюджети 10 миллиард рублга бааланган.